Бүгүн, 24-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында КСДПчы депутат Мурадыл Мадеминов премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевден Юстиция министрлиги КСДПнын партиялык билети жок адамды каттоодон өткөргөнгө кандай баа бере турганын сурады.
Депутат "юстиция министри отставкага кетиши керекпи?" деп суроо узатты.
Премьер-министр юстиция министри өкмөттүн мүчөсү экенин, өзүнүн чечими үчүн өзү жооп берерин айтты.
Депутат юстиция министри убакыт келгенде жооп бере турганын билдирди.
Юстиция министри Марат Жаманкулов бул жөнүндө көп талкуу болуп жатканын белгиледи. "Бул боюнча бир нерсени түшүнүү керек. "Кайра каттоо" деген сөздөн алыс бололу. Юстиция министрлигине билдирүү келген. Билдирүү менен кайра каттоонун чоң айырмасы бар: иш кагаздардын саны, аны кароо жол жобосу, кароо мөөнөтү. Билдирүүгө паспорттун көчүрмөсү, съезддин чечими тиркелет деп мыйзамда так жазылган", - деди Жаманкулов.
Депутат "сиз мыйзамды буздуңуз" деп министр Жаманкуловго айтты.