Чүй: "Кыргыз тоют" заводу жылына тоюттун 12 түрүн даярдайт

Вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев бүгүн, 30-июлда Чүй облусунда иш сапары менен жүрөт. Түшкө маал Сарпашев “Кыргыз тоют” заводуна барды. Кыргызстанда 2012-жылдан бери иштеп келе жаткан бул заводдо учурда 30га жакын кызматкер эмгектенерин аталган ишкананын жетекчисинин орун басары Алмаз Мейманкулов билдирди. Айтымында, 2 кызматкер кытай жараны, калгандары кыргызстандыктар. Бул завод жылына миң тонна тоют өндүрөрүн билдирген Мейманкулов буларды кошумчалады: “Заводдон тоюттун 12 түрү даярдалат. Тоют камдоо үчүн буудайды, жүгөрүнү жана арпаны Кыргызстандан сатып алсак, сояны Казакстандан алабыз. Бизде тоюттар эт үчүн жана сүт үчүн деген түрлөргө бөлүнүп даярдалат. Алардын өзүнүн нормасы бар, ошого ылайык малга берилиши керек. Уй, койго берилүүчү тоюттардын 1 килограммы 22 сомдон”. Мурда жалаң чоң фермалар заводдон тоют сатып алышса, учурда карапайым калк да колдоно баштаганын айтты ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан