Биз социалдык тармакта

Бир керебетте 4-5тен бала, батпай калгандары жерде жаткан бала бакчанын директору эмнеге андай болгонун түшүндүрдү

Социалдык тармактарга бир керебетте 4-5тен, калганы полдо уктап жаткан балдардын видеосу тарап, кечээтен бери кызуу талкууга алынууда. Бул бала бакча Бишкектеги №1 "Шоола" балдар бакчасы экенин уккан ата-энелер бүгүн бала бакчанын жанына чогулушуп арыз-муңдарын билдиришти. Бул боюнча комментарий берүүнү каалабаган директор акыры дарбазадан чыгып, окуянын чоо-жайын түшүндүрүүгө аракет кылды.

Бала бакчанын директору Айнагүл Мадылбаева алгач башкармалыктан уруксат бермейинче жооп бербейм деп, кийин эмне себептен улам балдар андай шартта уктап жатканын SUPER.KG порталына айтып берди.

"Учурда бул видео боюнча текшерүү иштери жүрүүдө, анын жыйынтыгы чыкмайынча эч кандай комментарий бере албайм. Мындай нерсе буга чейин болгон эмес. Орто тайпадагы балдардын уктоочу бөлмөсүндө сырдалган жерлери кургабай калган. Мындан улам балдар башка тайпадагы балдар менен бирге жаткырылган болчу. Бала бакча 320 балага ылайыкталган",- деди ал.

Бала бакчанын директору мындан башка суроолорго жооп бербей, дарбазасын бекитип кирип кетти. Ичине кирип тартуу иштерин жүргүзүүгө да макулдугун берген жок.

Бала бакчанын кызматкеринин маалыматына ылайык, учурда прокуратура жана башка мекемелер тарабынан текшерүү иштери жүрүүдө.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

Кечээ интернетте бала бакчада 50гө жакын бала бир бөлмөдө, бир керебетке 4-5тен узун-туурасынан жатканы тартылган видео тараган. Кээ бири батпай калып, полдо уктап жаткандары да бар. Тасма Бишкектеги №1 "Шоола" балдар бакчасында тартылганы аныкталган.

Бир керебетте 5тен бала жаткан бала бакчанын директору комментарий берүүдөн баш тартты
Бир керебетте төрттөн уктаган балдар. Ата-энелер нааразы. Бала бакча жетекчилиги эмне дейт?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
uli1234
2019-04-24 20:55:32
Ар бир баладан 5000 минден чотоко сала берип быкыйып кеткенго аябай эле
+4
Nurbelek.
2019-04-24 21:10:48
Элдеда айып бар, "Бала толуп калды албайбыз" дешседа, "Бир нерсе кылыңызчы" деп акча берип болсода киргизишет.
+5
Baicho_0707
2019-04-24 21:10:55
Бала бакчанын директорунун кебетесин кордунор да! А эмнеге балдар барда краскалашат, зыйан да. Чо та! Ушул жери окшошпой калды?!
+5
senchi
2019-04-24 21:18:05
Иштен алгыла семирип кетиптир
+4
Leilek91
2019-04-24 23:07:09
Красаканы жайкы эс алууда кылатда тоок мээлер
+4
pat12
2019-04-24 23:21:32
Тайпа дебей эле 1-топ же экинчи 2-топ деп айтылат го.
-3
topi
2019-04-25 08:24:35
pat12,кыргызсы тайпа болот кок мээ
+1
binur5
2019-04-25 12:29:56
менин балам барган бала бакча да ремонт журуп аткан экен 3 кунго жапты, убактылуу иштетпей турсанар ата энелер деле тушунмок байкуш балдарды полго жаткырып койгонсунар же калын кылып тошончулорду салбаптырсынар жанында тошоктор жыйылып турат ошолордон калындатып салбайсынарбы балдар жотолуп атат курсулдоп
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан