Интернеттеги социалдык тармактарга бир керебетте 4-5тен, калганы полдо уктап жаткан балдардын видеосу тарады.
Видеодон 50гө жакын балдар бир бөлмөдө, бир керебетке 4-5тен узун-туурасынан жатканын көрүүгө болот. Кээ бири батпай калып, полдо уктап жаткандары да бар. Тасма Бишкектеги №1 "Шоола" балдар бакчасында тартылганы айтылууда.
Бул видео социалдык тармактарда талкууга алынып, нараазычылыктарды жаратууда.