Депутат Аалы Карашев: "Өкмөт чечкиндүү реформага барса алдыга жылабыз"

Бүгүн, 24-апрелде Жогорку Кеңеште өкмөт отчёт берди. Отчётту угуп, суроо берип жаткан депутаттар тарабынан өкмөттүн ишине карата кескин сын-пикирлер дээрлик айтылган жок. Буга чейинки комитет жыйындарда да эл өкүлдөрү өкмөттүн ишине карата оң бааларын айткан учурлар болгон. Кечки саат 18:00гө чейин созулган отчёттун калган бөлүгү эртең 25-апрелде да уланмай болду. Мындан улам эртеңки отчёттон кийин өкмөттүн 1 жылдык ишмердүүлүгү канааттандырарлык деп бааланары күтүлгөн иш болуп турат.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Абылгазиевдин өкмөтүнүн иши канааттандырарлык болду дегенге кошуласызбы?" деген собол салды.

Суроого Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев жооп берип, өкмөттө такыр эле иш болгон жок деп айта албай турганын билдирди.

“Иш-аракеттер болду. Ошол эле мезгилде реформалар кечеңдеп жатат. Өкмөт башчы бир жыл иштеп, эми көзүбүз жетти, реформа жасайбыз деп жатат. Чечкиндүү, кардиналдуу реформаларга барбасак экономика өспөй тура берет. Өкмөттү улам-улам алмаштырганда туруктуулук болбой, инвесторлор дагы келбей калат. Өкмөттүн ишине канааттандырарлык деп колдоп мүмкүнчүлүк берүү керек. Бирок кардиналдуу реформа жасалбаса алдыга жылбайбыз”, - дейт Карашев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Рыскелди Момбеков, Алтынбек Сулайманов, экс-депутат Равшан Жээнбеков, КСДПнын саясий кеңешинин мүчөлөрү Адил Турдукулов, Мирбек Айтикеев, жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров, саясий серепчи Сапар Орозбаковдун пикирлерин бул топтомдон окуңуз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан