Бүгүн, 24-апрелде Жогорку Кеңеште өкмөт отчёт берди. Отчётту угуп, суроо берип жаткан депутаттар тарабынан өкмөттүн ишине карата кескин сын-пикирлер дээрлик айтылган жок. Буга чейинки комитет жыйындарда да эл өкүлдөрү өкмөттүн ишине карата оң бааларын айткан учурлар болгон. Кечки саат 18:00гө чейин созулган отчёттун калган бөлүгү эртең 25-апрелде да уланмай болду. Мындан улам эртеңки отчёттон кийин өкмөттүн 1 жылдык ишмердүүлүгү канааттандырарлык деп бааланары күтүлгөн иш болуп турат.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Абылгазиевдин өкмөтүнүн иши канааттандырарлык болду дегенге кошуласызбы?" деген собол салды.
КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү, жарандык активист Адил Турдукулов өкмөт мындай темп менен иштесе өлкө өнүгө албайт деген оюн айтты.
"Өкмөт башчы дайыма президентке көз каранды болуп келген. Конституция өзгөргөндөн кийин премьер-министрдин ыйгарым укуктары көбөйөт деп ойлогонбуз, бирок андай болгон жок. Азыр деле өкмөт президентти кылчактап карап турат. Жакынкы күндөрдө эле президенттин парламентке келип сүйлөгөнү өкмөттүн ишин толук кандуу көзөмөлдөп жатканынан белги берди. Премьер-министр болсо ошонун эле сөзүн кайталап айтып жатат. Жаңы бийлик келгенден кийин эл кандайдыр бир амбициялуу талаптар, максаттар аткарылат деп күткөн. Бирок бүгүн өкмөт башчы ички дүң продукция 4 пайызга өстү деп жетишкендик катары айтып жатат. Бул жөн гана бир жерде тургандык эмес, артка кеткендин белгиси. Мындай темп менен биз өнүгө албайбыз.
Мурда бийлик кандайдыр бир коррупциялык схемалар менен болсо да инвесторлорду тартууга аракет кылып, гранттарды алып келчү. Азыркы бийлик болсо мамлекеттик мурунку аткаминерлерди абакка отургузуп койду. Инвестор керек десек, элди ууландыра турган уранды айтып жатат. Акчаны бюджетке толтургула деген талапты койсок, жаңы кодексти ишке киргизип, элдин үстүнө салык салып жатышат. Жада калса ошол "Коопсуз шаар" да туура эмес системде жүргүзүлгөндүктөн элдин түйшүгү артты. Бул көрүнүш сөзсүз түрдө нааразычылыкты күчөтөт. Жумушсуздук өсүп жатат, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн арасынан аткезчилик боюнча алдыда турган мамлекет болуп жатабыз, жумуш орундарын түзөбүз дегени менен тышкы мигранттардын саны өсүүдө. Өкмөт статистикалык гана функцияны аткарып жаткандай таасир калтырды", - дейт Турдукулов.
Жогорку Кеңештин депутаттары Рыскелди Момбеков, Аалы Карашев, Алтынбек Сулайманов, экс-депутат Равшан Жээнбеков, КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Мирбек Айтикеев, жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров, саясий серепчи Сапар Орозбаковдун пикирлерин бул топтомдон окуңуз.