Саясий серепчи Сапар Орозбаков: "Чындык деген киши азыркы өкмөттүн ишин канааттандырарлык деп айта албайт"

Бүгүн, 24-апрелде Жогорку Кеңеште өкмөт отчёт берди. Отчётту угуп, суроо берип жаткан депутаттар тарабынан өкмөттүн ишине карата кескин сын-пикирлер дээрлик айтылган жок. Буга чейинки комитет жыйындарда да эл өкүлдөрү өкмөттүн ишине карата оң бааларын айткан учурлар болгон. Кечки саат 18:00гө чейин созулган отчёттун калган бөлүгү эртең 25-апрелде да уланмай болду. Мындан улам эртеңки отчёттон кийин өкмөттүн 1 жылдык ишмердүүлүгү канааттандырарлык деп бааланары күтүлгөн иш болуп турат.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Абылгазиевдин өкмөтүнүн иши канааттандырарлык болду дегенге кошуласызбы?" деген собол салды.

Саясий серепчи Сапар Орозбаковдун пикиринде Кудай деген, чындык деген киши Абылгазиев баштаган өкмөт жакшы иштеди деп айта албайт.

“Жок, кошулбайм. Менин түшүнүгүмдө ал Кыргыз өлкөсүнүн эгемен жылдарындагы болгон премьер-министрлеринин ичинен эң чабалы. Эч кандай реформа жок. Экономика токтоп калгандай сезилет. Жада калса жөнөкөй деп эсептелген аткаминерлердин санын да кыскартканга жараган жок. Бул киши дагы бир кишиге өтө жагат. Ал киши качан кетет экен деп күтө берет көрүнөбүз.

Мен бүгүн отчётун угуп отурсам, Абылгазиев Кыргыз өлкөсүнүн рейтингин көтөрүп салдым деп жатат. Буга мисал кылып Бүткүл дүйнөлүк банктын бизнес жүргүзүүнүн жеңилдиги дегенин айтты. Кыргыз өлкөсүндө бизнес жүргүзүүнүн шарты жакшырса келбейт беле инвестор, кана келгени? Эгерде банктын рейтинги бизнес жүргүзүүнүн шартын обьективдүү чагылдырса, Кытай эч качан өнүкмөк эмес. Анткени ал ошол рейтинг боюнча дайыма дүйнөдөгү өлкөлөрдүн эң артында болуп келген Абылгазиев отчётунда айткан 2018-жылдагы ички дүң продукциянын өсүшү Кыргыз өлкөсүнүн тарыхындагы эң төмөн көрсөткүч. Мен кыргыз президенттери башкарган жылдардагы орточо экономикалык өсүштү эсептеп чыктым. Акаев башкарган 2001-2005-жылдарда ал 4,8 пайызды, Бакиев башкарган 2006-2009-жылдары 5,7 пайызды, Атамбаев башкарган 2012-2017-жылдары 5 пайызды түзгөн. Жээнбеков менен Абылгазиев башкарган 2018-жылы 3,5 пайыз. Бул да жакшы, быйыл өсүш таптакыр эле болчудай эмес. Алгачкы үч айдын жыйынтыгы боюнча Кумтөр алтын кенин кошпогондо өсүш 1 эле пайыз. Орусияга санкция киргизип, кыйын жыл болду дейт. Эмне башка өлкөлөргө жеңил болуптурбу? Экономикалык өсүш Тажикстанда 7,3 пайыз, Өзбекстанда 5,1 пайыз, биздин көрсөткүчтү Орусиядагы абал артка тартып жатса, ЕАЭБден чыкпайбы, чын эле тоскоол болуп жатса. ЕАЭБ тоскоол болсо Арменияда экономикалык өсүш 5,2 пайызды түзбөйт эле да. Абылгазиев өкөттү он жыл башкарса да бир ишти жасарынан күмөнүм бар. Мен аны жаңы дайындалганда эле айткам”, - дейт Орозбаков.

Жогорку Кеңештин депутаттары Рыскелди Момбеков, Аалы Карашев, Алтынбек Сулайманов, экс-депутат Равшан Жээнбеков, КСДПнын саясий кеңешинин мүчөлөрү Мирбек Айтикеев, Адил Турдукулов, жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровдун пикирлерин бул топтомдон окуңуз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан