“Кыргызгазды” “Газпромго” сатуу тууралуу макулдашуу ратификация болгондон кийин калк үчүн газдын бааларын Кыргызстан белгилейт. Бул тууралуу “Кыргызгаз” ишканасынын башкы директору Тургунбек Кулмурзаев бүгүн, 30-июлда маалымат жыйында билдирди. “Баа саясатын Монополияга каршы комитет менен биргеликте кыргыз тарап бекитет”,- дейт Т.Кулмурзаев. Айта кетсек, 26-июлда Кыргызстан менен Орусиянын энергетика министрлери өкмөттөр аралык келишимге кол коюшкан. Буга ылайык, ишкана Кыргызстанды тынымсыз газ менен камсыз кылууга милдеттендирилет.