"Көмүскө экономиканын деӊгээли 24 пайызды түзөт деген маалымат бар, бирок анын деӊгээли мындан жогору" деп бүгүн, 25-апрелде Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.
Депутат Айнура Осмонова: "Расмий маалыматка караганда, Кыргыз өлкөсүндөгү көмүскө экономиканын деӊгээли 35-40 пайызды түзөт. Ал эми айрым эксперттердин айтымында, көмүскө экономика 60 пайызга жетти. Демек, мамлекеттик бюджетке канча каражат түшпөй калууда?" - деп суроо узатты.
Буга премьер-министр: "Биздеги көмүскө экономиканын деӊгээли 24 пайызды түзөт деген маалымат бар. Бирок менин оюмча, көмүскө экономиканын деӊгээли андан жогору. Экономика тармагын санариптештирүү аны ачыкка чыгарат болуш керек. Азыр бул багытта жүргүзүлө турган иш-чаралардын концепциясы даяр. Анда Кытай, Орусия, Казакстан өӊдүү өлкөлөрдүн тажрыйбасы эске алынды", - деди.
Жогорку Кеӊеште өкмөттүн 2018-жылдагы иши боюнча отчёту угулууда.