Бүгүн, 25-апрелде Жогорку Кеңеште депутат Садык Шер-Нияз өкмөттүн отчётунда маданият жөнүндө 6 сап сөз жазылганына нааразы болду.
"Өкмөттүн отчётунун 49-бетинде маданият жөнүндө болгону 6 сап сөз жазылыптыр. Анан эмне үчүн биз башка жактарга барганда маданият инсандарынын этегине жабышып жүрөбүз? Биз ошолор менен мактанып, сыймыктанабыз. Мына кечээ Баткенге 60 сакалчан киши келди эле, эмне болдук? Лейлек анклавда калып кала жаздады. 25 жылдан бери 18 чакырым өтүүчү жерибиз кыскарып отуруп 2,5 чакырым болуп калыптыр. Эртең ал жерди да тажиктер тосуп койсо Лейлектин эли менен кош айтышабызбы? Эртең кошуна өлкөлөр "сельсоветин" жөнөтсө, балким, Кыргыз өлкөсү жок болуп кетет.
Кыргыз өлкөсүнүн өзөгүн сактаган - бул тили, жери жана маданияты. Анан маданиятка келгенде 6 сап жазып отурасыңар. Кимди чыгара алдык? Кайсы инсандын атын атай алабыз? Эч кимдин атын чыгара алган жокпуз.
25 жылдан бери президентти, премьер-министрди, парламентти шайлоону жакшы өздөштүрдүк. Руханий багытта эмне иштерди аткардык? Бүгүнкү күндө оозго алынган бир акыныбыз, бир жазуучубуз жок. Ошолорго 20 миллион карап койсок болот го. 18 миллион долларга ЖЭБдин мунарасын талкаладыңар. 18 миллиондук жумуш болсо маданиятчыларга эле айтып койгулачы, акчаны которуп барып иштесин. 15-20 миллионду маданиятка которолу десеңиз жаныңыздагылар экономиканы айтып, каршы чыгат. Маданият министрин жетимдей кылып, акырында ага сөөк ыргыткансыйсыңар. Анан кантип өнүгүп, өсөбүз? Өсөм деген мамлекет маданияттан баштайт. Элдин деми, руху керек. Акчаны аяп, эч нерсени көрсөтө албасак президент, өкмөт башчы, парламенттин эмне кереги бар? Өбөк-жөлөк боло албасак анда кантип өсөбүз?Анан уялбай туруп элдин атынан карыз алып жолдорду куруп жатабыз", - деди депутат.