Жалал-Абад. Борбордук базарда рейд жүрүп, алтын саткандар текшерилди

Бүгүн, 30-июлда Жалал-Абад шаарынын борбордук базарында жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнөн турган топ рейд жүргүзүштү. Шаардын биринчи вице-мэри Тайырбек Чойбековдун айтымында, мэриянын буйругу менен комиссия түзүлүп, анын курамына салык башкармалыгынын, соцфонддун, шаардык  статистика кызматынан жана мэриянын жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү бөлүмүнүн кызматкерлери кирген. Рейдде базарда алтын сатып иштегендер текшерилди. "Ар бир  алтын сатуучу же сактоочу ишкерлер жеке ишкер деген күбөлүк алышы керек. Аны бир гана жолу алып, тийиштүү жерлерге каттоого турат. Андан кийин өмүр бою ошол күбөлүк менен ишин жүргүзсө болот",- дейт Чойбеков. Рейд учурунда текшерүүчүлөр сатуучуларга "ар бириңер 1000 сомдон айына патент аласыңар" деген сунушун айтышты. Бирок сунушту соодагерлер колдогон жок, алар базардагы соода кылган жер аянтын өлчөп, ошого жараша патент аларын билдиришти. Соңунда жердин аянтын өлчөп, ага жараша төлөмдөрдү аныктай турган комиссия түзүлмөй болду.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан