Кара-Балта шаарындагы “Жунда” мунайды кайра иштетүүчү заводу ишке кирсе, жылына 800 миң тонна продукция өндүрөт. Бул тууралуу бүгүн, 30-июлда аталган заводго болгон иш сапарында вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев билдирди. Айтымында, мунай Орусиядан жана Казакстандан алынып келинет. “31-августта завод толугу менен ишке кирбейт. Биринчи жарымы гана иштеп баштайт. Ал эми толугу менен октябрь айынын акырында, ноябрь айынын башында иштеп баштайт. Учурда кыргызстандык жарандарды окутуу иштери башталыптыр, Кудай буюрса, завод ишке киргизилсе кыргыздарга 600 жумушчу оруну түзүлөт. Ошондой эле завод ишке кирсе эң көп салык төлөгөн мекеме болот эле. Андан бюджетке болжол менен 5 миллиард сом салык түрүндө түшмөк”,- деди ал.