Мөөнөтүнөн мурда добуш берүүгө өлкө боюнча 429 шайлоочу катышты

Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтында айтылгандай, 16-ноябрдан 24-ноябрга чейин жергиликтүү жана шаардык кеңештерге мөөнөтүнөн мурда өлкө боюнча 427 жаран добуш берди. Аталган жарандар 25-ноябрда өздөрү катталган аймактарда боло албаганына байланыштуу БШКга арыз менен кайрылышып, мөөнөтүнөн мурда добуш берүүгө уруксат алышкан. Облустар боюнча карап көрсөк, Чүйдө - 50, Таласта - 98, Ошто - 34, Нарында - 41, Ысык-Көлдө - 69, Жалал-Абадда - 81, Баткенде 56 шайлоочу добуш берип бүтүштү. Ал эми борбор калаабыз Бишкекте 27 адам жарандык милдеттерин аткарышкан. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан