Жалал-Абад. Токтогул районунун Бел-Алды айылында жаңы оорукана курулууда

Жалал-Абаддагы Токтогул районуна караштуу Бел-Алды айылында 10 бейтапка ылайыкталган оорукана курулуп, кузүндө ишке берилет. Бул тууралуу Бел-Алды айыл өкмөтүнүн башчысы Таалай Жайылов билдирди. "Жакыр жашаган жарандар ооруп калса, райондун борборуна же Бишкекке барып дарылануусу үчүн көп каражат жумшайт. Айылда деле жогорку билимдүү дарыгерлер бар. Алар ооруканада шарт жок болгондуктан элге кызмат көрсөтө албай келишет. Калктын социалдык маселесин чечүү максатында ушул оорукана курулууда",- дейт Жайылов. Оорукананын курулушу күзүндө аяктап, ишке берилет. Анда 10дой медицина кызматкери иштемекчи. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан