30-июлга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 14 млрд 785 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. 2012-жылдын ушул күнү бул көрсөткүч 16 957 миллиард метр кубду түзгөн. Аталган суу сактагычына суунун агып кириши бүгүнкү күндө секундуна 607 метр куб болсо, былтыркы жылдын ушул мезгилинде 474 метр куб болгон. Бүгүнкү күнгө карата суунун агып чыгуусу 377 метр кубду түзүүдө.