Жалал-Абад. Кызыл-Суу айылынын Орусияда иштеген тургуну өз айылындагы 100дөй үй-бүлөнү таза суу менен камсыз кылды

Жалал-Абад шаарына караштуу Тайгараев аймактык башкармалыгындагы Кызыл-Суу айылына суу чыгарылып, 100дөй үй-бүлө ичүүчү таза суу менен камсыз болду. Бул тууралуу аталган айылдын тургуну Мейилкан Касымбекова билдирди. Айтымында, Кызыл-Суу айылынын тургуну Талант Баев демилге көтөрүп, өз чөнтөгүнөн айыл тургундарын таза суу менен камсыздады. "Талант менин уулум, учурда Орусияда эмгек мигранты болуп, үй-бүлөсү менен иштөөдө. Анын Кыргызстандан кеткенине 7-8 жылдын жүзү болду, жогорку билимдүү, юрист. Бирок кесиби боюнча иштей элек. Мамлекетте жашоо оорлой баштаганда эмгек мигранты болуп кетип, Кудайга шүгүр, минтип айылдаштарына жардам берүүдө",- дейт Касымбекова.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан