Ош шаардык мэриясынын статистика башкармалыгынын маалыматы боюнча, 2013-жылдын январь айынан июль айына чейин мамлекеттик кызматкерлердин орточо айлык акысы 9800 сомду түздү. Анын ичинен айыл чарба тармагында иштегендердин айлык акысынын орточо көлөмү 5700 сомду, курулуш тармагында иштегендердин айлык акысы 9 миң сомдун тегерегинде, ал эми транспорт тармагында иштегендердин орточо эмгек акысы 16 500 сомду түзөрү белгилүү болду.