Бүгүн, 24-ноябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев "Кыргыз Республикасын экономикалык туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш жөнүндө" жарлыкка кол койду. Анда мындай деп айтылат: "Кыргыз Республикасынын өнүгүшүнүн азыркы этабында экономикалык маселелерди чечүү кыргыз мамлекеттүүлүгүн, өлкөнүн улуттук коопсуздугун сактоо жана чыңдоо милдеттери менен тыгыз байланыштуу экенин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 60-беренесинин негизинде, Кыргыз Республикасын экономикалык туруктуу өнүктүрүү боюнча стратегиялык документти кабыл алууну жана жүзөгө ашырууну камсыз кылуу, бул багытта мамлекеттик бийликтин бардык бутактарынын күч-аракетин координациялоо максатында Кыргыз Республикасын экономикалык туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш түзүү тууралуу чечим кабыл алынды". Улуттук кеңештин төрагасы президент Алмазбек Атамбаев болуп саналат. Мүчөлөрү төмөнкүлөр болду: Асылбек Жээнбеков (ЖКнын төрагасы), Жантөрө Сатыбалдиев (КРнын Премьер-министри), Феруза Жамашева (КРнын Жогорку Сотунун төрайымы), Данияр Нарымбаев (КРнын Президентинин аппаратынын жетекчиси), Жоомарт Оторбаев (КРнын Биринчи вице-премьер-министри), Мыктыбек Абдылдаев ("Ата Журт" фракциясынын депутаты), Чыныбай Турсунбеков (КСДП фракциясынын лидери), Феликс Кулов ("Ар-намыс" фракциясынын лидери), Алтынбек Сулайманов ("Республика" фракциясынын лидери), Өмүрбек Текебаев ("Ата Мекен" фракциясынын лидери), Албек Ибраимов (КРнын Президентинин аппаратынын жетекчисинин орун басары), Зина Асанкожоева (КРнын Улуттук банкынын төрайымы), Темир Сариев (КРнын Экономика министри), Ольга Лаврова (КРнын Каржы министри), Нурсулуу Ахметова (КРнын Президентинин аппаратынын финансы-экономикалык талдоо жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы), Мелис Жунушалиев (КРнын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун директору), Таалайбек Койчуманов (КРнын Өкмөтүнө караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин катчысы), Коба Гвенетадзе (Эл аралык валюта фондунун Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлү), Александр Авенесов (Эл аралык валюта фондунун КРдагы туруктуу өкүлү), Актилек Түнкатаров (Кыргызстан Эл аралык ишкер кеңештин аткаруучу директору) жана Замир Шаиков (Кыргызстан ишкерлер союзунун аткаруучу директору).