Валентина Матвиенко: "Чыңгыз Айтматовдун замандашы болуу бактысы бизге буюрган экен"
23-ноябрда Санкт-Петербург шаарында “Чыңгыз Айтматов дүйнөсү: маданият интеграциясы жана диалогу” аттуу Эл аралык конференция өз ишин жыйынтыктады. Анын алкагында Таврикалык сарайда залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун коло айкелинин (автору А.Турунбеков) ачылышы болду. Белгилей кетсек, аталган конференция Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин демилгеси менен КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын (ПАА) колдоосу астында өткөрүлдү. Иш-чара КМШга мүчө мамлекеттердин парламент төрагаларынын, илимий жана чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрүнүн, КМШ коомдук ишмерлеринин, улуу жазуучунун бир тууган карындашы Розетта Айтматованын катышуусунда өттү. Иш-чарада Орусиянын Федерациялар Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко КМШнын ПААсынын кеңешинде Чыңгыз Айтматов атындагы Эл аралык сыйлык түзүлгөндүгүн билдирди. Ошондой эле ал айтылуу жазуучу жөнүндө: "Чыңгыз Айтматов КМШ өлкөлөрүнүн келечеги алардын өз ара кызматташуусунда экенин билген. Ал жазуучулук менен гана чектелбестен, улуттар аралык достуктун бекемделишине зор салым кошкон. Анын замандашы болуу бактысы бизге буюрган экен. Ал менин эсимде акылман адам катары сакталып калат. Анын айкелинин ачылышы - чоң окуя",- деп айтып өттү. 2 күнгө созулган аталган конференциянын жыйынтыгында КМШ өлкөлөрүнө орто билим берүү стандарттарынын компоненттерине Ч.Айтматовдун чыгармаларын киргизүү сунушталды. Мындан сырткары КМШ ПААга КМШга мүчө мамлекеттердин парламенттери менен өкмөттөрүнө Ч.Айтматовдун чыгармачылык мурастарын окутууга жана жайылтууга багытталган ар жылдык тематикалык иш-чараларды өткөрүү жагын караштыруу маселеси боюнча кайрылуу жасоо сунушу кабыл алынды.