“365 күн жомок” аттуу балдар китеби жарык көрдү

Бишкекте “365 күн жомок” аттуу балдар китеби жарык көрдү. Китеп өзүнө бардык элдердин жомокторун камтыйт. Бул тууралуу жыйнактын автору Асылбек Жоодонбеков билдирди. “Биз китепке бир гана кыргыз чыгармаларын киргизген жокпуз. Аялым экөөбүз бул китепти чыгаруу үчүн 4 жыл тынбай эмгектендик”,- дейт ал. Китеп өзүнө 12 бөлүктү камтыйт. “Биз бөлүктөргө даталарды да белгиледик. Мисалы, бүгүн 31-июль болсо, анда ата-энелер ушул датадагы жомокту ачышат. Биз чоңдор балдарга күн сайын жомок окушун кааладык”,- деп кошумчалады автор. Китептин биринчи басылышы 500 нускадан турат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан