Бүгүнкү күнгө карата республика боюнча 391 700 тонна буудай жыйналды, бул өткөн жылга салыштырмалуу 160 000 тоннага көп. Жалпы 484 300 гектар аянттагы эгиндин 213 000 гектары жыйналган болсо, анын ичинен 138 000 гектар жерден буудай, 74 000 гектар жерден арпа орулду. Буудайдын орточо түшүмдүүлүгү 1 гектарынан 28,5 центнерден болууда. Бул былтыркы жылга караганда 10 центнерге көп. Ал эми арпанын орточо түшүмдүүлүгү гектарынан 24 центнерден айланууда. Арпа, буудайдын түшүмдүүлүгү быйыл Ноокен жана Кемин райондорунда арбын. Маалыматтар боюнча Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында, Чүйдүн айрым райондорунда эгин чабылып бүттү. Расмий маалыматтарга ылайык, кыргызстандыктар жылына 1 миллион тонна буудай керектейт.