Жалал-Абад. Дүйнөлүк Универсиадада алтын медаль уткан Нурбек Акановго автоунаа тартууланды
Жеке ишке Шакир ажы спортчуга автоунаанын ачкычын тапшырууда
Нурбек Акановго тартууланган Тойота унаасы
Балбан минтип дасторкон жайып, элден бата алды
"Менин ар бир жеңишим кыргыз элинин жеңиши. Дүйнөлүк Универсиадага атайын мамлекеттин желегин желбиретип, жеңишке жетем деп барган соң тилегим орундалып алтын медаль уттум. Элимдин батасы менен ийгиликке жетиштим. Бүгүн атайын 300дөй адамды чакырып, алардын батасын алуудамын",- дейт Казань шаарында өткөн Дүйнөлүк Универсиаданын бел боо күрөшү боюнча чемпиону Нурбек Аканов. Айта кетсек, балбан 30-июлда Жалал-Абад шаарындагы кафелердин биринде дасторкон жайып, элден бата алды. Иш-чарага келген спортчунун күйөрмандары, санаалаштары түрдүү колдоолорду көрсөтүштү. Ошондой эле ага жеке ишкерлердин бири Шакир ажы автоунаа тартуулады.
Автор: Кенже Тынымбек кызыФото: Кенже Тынымбек кызы