30-июлда экс-президент Роза Отунбаева Нарын районунун Долон жайлоосунун аймагында уюшулган уникалдуу балдар бакчасына барды. Бул бала бакчада 2 жаштан 14 жашка чейинки балдар тарбияланып, 3 айлык эс алуу убактыларын тамга таануу, окуу жана кыргыздын үрп-адаттарын үйрөнүү менен өткөрүшөт. Балдар таштардан гүл жасап, аларды кооздоо менен бирге айлана-чөйрөнү таануу багытында күнүнө 3 сааттан сабак алышат. Отунбаева Кырк-Боз-Үй жайлоосунда уюшулган “Теңир-Тоо” бала бакчасына да барды. Бул жерде экс-президент тарбияланып жаткан 26 балага сабак берүүнүн жана таалим-тарбия берүүнүн ыкмалары менен таанышты. “Балдарга чөптөрдүн, тал-теректердин аттарын, кыргыздын каада-салт, баалуулуктарын үйрөтүш керек. Мектепке чейинки балдар санаганды, жазганды, тамгаларды толук тааныганды үйрөнүшү кажет. Кийин кеч болуп калат. Бул багытта облуста катуу иштер жүрүп жатат. Мындай ыкманы өлкө аймагына жайылтышыбыз керек. Өткөн жылы мындай семинарды Алайда өткөрсөк, быйыл Нарын облусун тандап алдык”,- дейт Роза Отунбаева. Жайлоодогу бала бакчаларда тарбияланып жаткан бөбөктөрдүн өнөрлөрүнө күбө болгон экс-президент жомок китептерди белекке тапшырды. Бул жылы Нарын облусу боюнча жайлоодо 15 бала бакча иштеп жатат.