Каракол шаарында бир күндө 8 жуп түгөйдүн баш кошуусу күтүлүүдө

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында 2-август күнү бир учурда 8 жуп түгөйдүн баш кошуусу күтүлүүдө. Бул тууралуу “Үй-бүлө очогу” долбоорунун жетекчиси Бакыт Юсупов билдирди. Долбоор өз ишин 2 ай мурун баштаган, максаты - үйлөнүп жаткан жаштарды үй-бүлөлүк бакыттын принциптерине үйрөтүү жана окутуу болуп саналат. Өз алдынча үйлөнүүгө шарты жок жаштардын үлпөт тойлорун каржылоону долбоор өз мойнуна алат. Мындан сырткары жаш үй-бүлөлөргө атайын сабактары өткөрүү үчүн Каракол шаарынын мэриясы атайын жер бөлүп берген. Үлпөт тойго 250 киши чакырылган.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан