10-августта Ысык-Көлдө "Карагат фест-2013" фестивалы өтөт

10-августта Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Бөкөнбаев айылында “Карагат фест-2013”  мөмө-жемиш фестивалы өтөт. Бул тууралуу фестивалдын координатору Ариана Чолпонкадырова 31-июлда билдирди.  Иш-чаранын максаты - Ысык-Көл облусунда мөмө-жемиштердин түрүн өстүрүүгө жана жайылтууга көмөктөшүү. Экологиялык таза мөмө-жемиштерди өстүрүү менен жергиликтүү калктын экономикалык абалын жакшыртуу болуп саналат. Фестивалдын алкагында  көргөзмө, сынактар, оюндар жана мастер-класстар өтөт. Иш-чара кыргызстандык эстрада жылдыздардын катышуусундагы гала-концерт менен жыйынтыктала турганы айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан