“Өзбекстандык кесиптешим менен 24-июлда жолуктум. Анда Аксыдагы кыргыз-өзбек чек арачыларынын окуясын жеринде карап, сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк”,- деди чек ара кызматынын башчысы Курманакун Матенов 31-июлда маалымат жыйында. Айтымында, атышуу болгон чек ара аймагы делимитация болгон эмес. “Бирок документке ылайык, ал жер Кыргызстанга караштуу аймак. Өзбекстандын чек арачысы чек арадан 5 метр Кыргызстан тараптан каза болгон. Учурда өзбек тарап биздин чек арачыларды күнөөлөсө, биз алардын чек арачыларын күнөөлөп жатабыз. Ар кимдин өз чындыгы бар. Биз бул ишти калыс карайбыз. Биздин чек арачыларыбызды коргоп, чындыкты жашырууга аракет кылбайбыз. Окуя кандай болсо, ошондой иликтейбиз. Азыр эки өлкө ичинде маалыматтык согуш жүрүп жатат. Бул жерде эч кандай саясат жок, атайын уюштуруу иштери болгон эмес”,- деди Матенов. Эске сала кетсек, 23-июлда кыргыз-өзбек Аксы районундагы "Жетизагара" чек ара бекетинин аймагында кыргыз-өзбек чек арачылары атышып, окуя болгон жерден бир өзбек чек арачысы каза болуп, ооруканада дагы бир өзбекстандык чек ара кызматкери көз жумган эле.