Ушул жылдын 1-жарым жылдыгына карата 51 000 мектеп бүтүрүүчүсү паспорт алышты. Маалымат 30-июлда Мамлекеттик каттоо кызматынын 1-жарым жылдыктын жыйынтыгын чыгаруу боюнча өткөн коллегиялык жыйынында айтылды. Паспорт алуу боюнча 55 800 мектеп бүтүрүүчүсүнүн документтери кабыл алынган. Ошондой эле 6 ай аралыгында 5400дөй Кыргызстандын жараны совет мезгилиндеги паспортторун алмаштырган болсо, 14 777 жарандын паспортунун мөөнөтү узартылган.