“Август айында Кыргызстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Казакстандын чек ара башчылары жолугуп 2014-жылы Ооганстандан коалициялык аскерлердин чыгарылышы боюнча сүйлөшүү жүргүзөбүз”,- деди бүгүн, 31-июлда маалымат жыйынында Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Курманакун Матенов. Айтымында, Ооганстандан аскерлерди чыгаруу Борбордук Азияга коркунуч алып келиши мүмкүн деген маалымат көп. “Кыргызстандын коопсуздугун сактоо үчүн түштүк аймакта чек арачылардын санын көбөйтүү керек. Ошондой эле материалдык-техникалык базаны чыңдоо зарыл жана күжүрмөн даярдыкты орнотуп, биз менен чектеш мамлекеттер менен тыгыз байланышта иштөөбүз абзел”,- деди Матенов.