"Мамлекеттик чек ара кызматында коррупция жок деп айта албайм" дейт мекеменин башчысы

Мамлекеттик чек ара кызматында коррупция бар экенин Бишкекте маалымат жыйынын өткөргөн аталган кызматтын төрагасы Курманакун Матенов билдирди. “Учурда биздин тармакта коррупция жок деп айта албайм. Коррупция бар, бирок биз муну менен күрөшөбүз. Бул иш абдан татаал, жыйынтык көрсөтүүгө убакыт керек”,- деди ал. Матенов ушул жылдын 1-январынан баштап чек ара кызматкерлеринин маянасы 25-50 пайызга көбөйгөнүн билдирди. “Буга чейин айлык акынын аздыгынан чек арачылардын көбү кызматтан кетишкен”,- деп кошумчалады ал. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан