Кыргызстандык ишкерлердин 2-дүйнөлүк бизнес форуму өтөт

29-30-август күндөрү Түркиянын Стамбул шаарында дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндөгү кыргызстандык ишкерлердин дүйнөлүк 2-бизнес форуму өтөт. Бул тууралуу Kyrgyz Club бирикмесинен билдиришти. Иш-чараны Түркиядагы “Кыргызстан достук жана маданият коому” уюштурууда. Форумдун негизги максаты - дүйнө жүзүндөгү кыргызстандык ишкерлердин таанышуусуна шарт түзүү, тажрыйба алмашуу жана алардын ортосундагы мамилелерди өнүктүрүү болуп саналат. Эске салсак, 2012-жылдын август айында Түркиядагы аталган уюм тарабынан “Келгиле таанышабыз” аттуу кыргызстандык ишкерлердин дүйнөлүк 1-бизнес форуму болуп өткөн. Аталган форумга Кыргызстан, Улуу Британия, Казакстан, Кытай, Орусия, АКШ, Украина жана Түркия өлкөлөрүнөн 100дөн ашык ишкерлер катышкан. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан