Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Курманакун Матенов бүгүн, 31-июлда маалымат жыйында Баткен облусундагы Марказ чек ара бекетинен кыргызстандык жарандын өлтүрүлгөндүгү боюнча иштин кандай жүрүп жаткандыгы тууралуу маалыматы жок экенин айтты. “Бул окуя боюнча Өзбекстандын прокуратурасы кылмыш ишин козгоптур. Факты боюнча кандай иш жүрүп жатканын айта албайм. Бул тиешелүү мекемелер тарабынан жүргүзүлөт. Аскердик прокуратура ишти кароону токтотконун да билбейт экенмин”,- деди Матенов. Эске сала кетсек, 2013-жылдын 20-июнунда саат 00:15 чамасында Өзбекстандын чек арачылары Кадамжай районундагы “Марказ” чек ара бекетинен Баткендин Сарыбай айылынын тургуну, 1975-жылы туулган Бакыт Тагаевди атып кетишкен.