Ош облусунда диний экстремизмге каршы күрөшүү иш-чаралардын негизинде 2013-жылдын 6 айында 24 факты катталып, кылмыш иши козголгон. Бул былтыркыга салыштырмалуу 14 фактыга аз. “Хизбут-Тахрир” уюмунун 5 лидерин жана 14 активдүү мүчөсүнүн ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлган. Мындан сырткары “Мушриф” диний уюмуна карата 1, “Накиб” уюму боюнча 4 кылмыш иши козголгон. Маалыматты ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.