Жогорку Кеңеш тарабынан июнь айында кылмыштуу иштерге каташтыгы бар деп айыпталып иштен айдалган экс-акыйкатчы Турсунбек Акун 31-июлда маалымат жыйын берди. Анда ал убактылуу бош турган акыйкатчылык кызматка талапкер болгондорду арызын кайтарып алып, сынакка катышуудан баш тартууга чакырды. "Урматтуу акыйкатчылык бош орунга талапкер болуп жаткандар. Силер адам укуктары менен эркиндиктерин коргоого даярданып жатасыңар. Бирок, акыйкатчы болуп калсаңар, бул кызматка мыйзамсыз келген болосуңар",- деди Акун. Айтымында, ал акыйкатчылык кызмат ордуна жарыяланган сынакты токтотуу боюнча сотко кайрылды. "Айрым депутаттар ден соолугумдун начар болуп турганы үчүн менин кызматтык жоопкерчилигимди күзүндө кароону сунушташты. Буга карабай 57 депутат мага каршы добуш беришти. Бул менин укугумду тебелеген гумансыз чечим",- дейт экс-акыйкатчы. Акыйкатчы учурда кадимкидей иш бөлмөсүндө иштеп, кол алдындагыларга тапшырма берип жатканын кошумчалады. "Мен мыйзамдуу шайланган акыйкатчымын. Февраль айында мени 5 жылга шайлашкан. Мага жарандар кайрылып жатышат, кол алдымдагыларга тийиштүү тапшырмаларды берип жатам. Бирок айлык албайм жана буйруктарга кол койбойм",- деди Акун. Айта кетсек, Акун депутаттык комиссия тарабынан "мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаевдин абактан мөөнөтүнөн мурда бошотулушуна катыштыгы бар деп табылып, көпчүлүк депутаттардын добушу менен кызматтан мөөнөтүнөн мурда бошотулган.