Кыргызстанда бүгүн саат 8:00дөн баштап жергиликтүү кеңештерге шайлоо башталды. Аталган сааттан тартып өлкө боюнча 2028 шайлоо участкасы шайлоочуларды кабыл алып жатат. Алардын ичинен 203 шайлоо участкасы Бишкекте жайгашкан. Боршайкомдун маалыматына таянсак, жалпысынан 2 миллион 516 шайлоочу каттоодон өткөн. Шайлоонун таза өтүшүн камсыз кылуу үчүн маркировка колдонуу чечими кабыл алынган. Шайлоо саат 19:00дө токтотулат. Шайлоонун жүрүшүнөн SUPER.KG порталы маалымат берип турмакчы.