Ош облусунда 2013-жылдын 6 айында 269 жол кырсыгы катталган. Бул сан өткөн жылга салыштырмалуу 53кө көп же автокырсыктын саны 19,7 пайызга өскөнүн билдирет. Маалыматты ОИИБинин маалымат кызматы билдирди. Автокырсыктардан 70 адам каза болуп, 484 адам түрдүү жаракат алган. Тактап айтканда, каза болгондордун саны былтыркыдан 22,8 пайызга, жаракат алгандар 17,5 пайызга өскөнү белгилүү болду.