3 жылдын ичинде өзбек чек арачылары Кыргызстандын 5 жаранын атып өлтүрүп, 10ун жарадар кылган

Акыркы 3 жыл аралыгында кыргыз-өзбек чек арасында курал колдонуу фактысы менен 31 окуя болгон. Муну 31-июлда маалымат жыйын берген Кыргызстандын башкы чек арачысы Курманакун Матенов айтты. Бул окуяларда 5 кыргызстандык жаран каза болуп, 10 жаран жаракат алган. Матенов акыркы кыргыз-өзбек чек арасындагы жаңжал боюнча эки тараптын сүйлөшүүсү тууралуу да маалымат берди. "Биз мындай окуялардын алдын алууну талкууладык, конструктивдүү пикир алышуу болду. Маселеге чекитти эки өлкөнүн аскердик прокуратуралары коёт. Талаш аймактарды биргеликте көзөмөлдөйбүз",- деди ал. Башкы чек арачы Аксыдагы кыргыз-өзбек чек арачыларынын атышуусунан кийин маалыматтык согуш уланып жатканын, ал Кыргызстан менен Өзбекстанда гана эмес, КМШ өлкөлөрүндө да талкуу жаратып жатканын кошумчалады.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан