SUPER TV жылдыздардын катышуусунда бүйүр кызыткан "Zor Шоу" программасын тартуулайт.
Буга чейинки программабызда атактуулар бийик жардан секирип тобокелдикке барышкан. Кийинки этапта ырчылар Айдана Дека менен Алмаз Шаадаев коркунучтуу караңгы бөлмөгө кирип, квест ойноп чыгышкан. Ал эми ырчы жигиттерден турган 2 топ пейнтбол ойноп, көңүл ачуучу экстремалдык оюнун ишке ашырышкан. Ошондой эле жылдыздар чоң көлөмдөгү үйлөнгөн шарларды кийип алып бампербол оюнунда күч сынашкан. Андан соң эки командага бөлүнгөн атактуулар суу оюндарында жана тоскоолдук тилкесинде таймашкан. Ал эми соңку ирет жылдыздар калаадагы оюн-зоок клубдарынын биринде кызуу күч сынашып, андан кийинкисинде шаардык муз аянтчасында хоккей ойношсо, көп өтпөй тоо-лыжа базаларынын биринде кышкы спорт оюндары, кийин баскетбол оюну боюнча таймашкан.
Бул ирет "Музаман" тобунун ырчысы Аксай Мукамбет уулу, ырчылар Кубаныч Сатаев, Илгиз Абдалиев, Сагыныч, Минюра Рахимжанова, Бурул Арунова, бийчи Максат Токтоналиев, актёрлор Бактарбек Абдуразаков, Жеңишбек Сманов, каскадёр Эрлан Жусупов оюн-зоок борборлорунун биринде күч сынашты.
Алгач командалар "Асман" жана "Ала-Тоо" деген эки командага бөлүнүп, андан соң кызуу таймашка өтүштү. Атактуулар биринчи бийик жылгаяктан түшүү, экинчи ыңгайсыз торчодон басуу тапшырмасын аткарышса, үчүнчү оюнда канат менен убакытка жарышты. Катышуучулардын арасында тапшырма аткаруудан баш тарткандары да болбой койгон жок.
Орозо болгонуна карабай, командасы үчүн жан үрөп, тердеп-кургап жарышкан атактуулардын таймашын төмөндөгү видеоматериалдан көрө аласыздар.