Жалал-Абад. "Сузак районундагы мектептер кышка даяр" дейт райондун акими
Жалал-Абаддын Сузак районунда 17 көмөкчордон алмаштырылып, кышында электр жарыгын үзгүлтүксүз берүү аракеттери көрүлүүдө. Бул тууралуу райондун акими Нурболот Мирзахмедов кабарлады. Учурда мектептерде оңдоп-түзөө иштери толугу менен бүтүптүр. Район боюнча 104 мектеп бар. "Сузак району облустагы эң чоң район болуп саналат, калкынын саны 260 000. Учурда кышка даярдык көрүү боюнча элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, мектептерге көмүр түшүрүлүүдө",- дейт Мирзахмедов.