Бишкекте саат 10:00гө карата 9213 шайлоочу добуш берди
Саат 10:00го карата Бишкекте 9213 шайлоочу, башкача айтканда, бардык шайлоочулардын 2,66 пайызы өз добуштарын беришти. Бул тууралуу боршайком маалымдайт. Айта кетсек, борбор калаада жалпысынан 346338 шайлоочу каттоодон өткөн. Райондор боюнча бөлүп карасак, Ленин районунда 2536 жаран (2, 69%) добуш берип бүтүштү. Октябрь районунда - 2778 (3,01%), Биринчи Май районунда - 2531 (3,41%) жана Свердлов районунда - 1548 (1,7%).