Нарындагы паспорт столдун жетекчиси “мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевге паспорт бергендиги үчүн кызматтан кетирилди. Бул тууралуу бүгүн, 31-июлда коллегияда Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Эрлан Сапарбаев билдирди. Айтымында, Батукаевге паспорт мыйзамдуу чегинде жасалган. Бирок даяр паспортту жетекчи ЖАМКнын кызматкерине берген. “Документ СИЗОго берилиши керек болчу. Ал жерден кылмышкердин өздүк делосуна тиркелмек”,- деди Сапарбаев. Эске сала кетсек, оор кылмыштары үчүн 2006-жылы 16 жылга эркинен ажыратылган Азиз Батукаев 9-апрелде Нарын шаардык сотунун чечими менен абактан бошотулуп, ошол эле күнү түндө чартердик каттам менен Кыргызстандан Чеченстанга, Грозный шаарына, учуп кеткен. Ал буга чейин Нарын шаарындагы №4-СИЗОдо жаза мөөнөтүн өтөп келген.