КРнын акыйкатчысынын Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнө жарым жылда жарандардан 209 кайрылуу келип түшкөн. Анын 83чү жазуу түрүндө болсо, арыздангандардын 31и укук коргоо кызматкерлеринен запкы жегендер болгон. Бул тууралуу акыйкатчынын Ысык-Көлдөгү өкүлү Аскар Мансуров билдирди. Даттангандардын көпчүлүгү укук коргоо кызматкерлеринин ишине нааразы. "Биз жарандардын арызы менен прокуратурага кайрылсак, көбүнчө кылмыш ишин козгоодон баш тартат. Жарандардын көпчүлүгү соттук процесске ишенбестик көрсөтүшөт",- деди Мансуров. Мындан сырткары 6 ай ичинде 125 жаран укуктук жактан кеп-кеңеш алышкан.