Келишимдик негизде аскер кызматында иштеп жаткандардын айлыктары алардын эмгек тажрыйбасынан көз каранды. Маалымат бүгүн, 31-июлда Чек ара кызматынын төрагасы Курманакун Матенов берген маалымат жыйында айтылды. Айтымында, алардын айлык акылары 9-11 миңден башталат. Ал эми чек ара курамынын жетекчилеринин айлыгы 13-14 миң сомду түзөт. Ошондой эле ал Мамлекеттик чек ара кызматынын өздүк курамынын иши канааттандырарлык экенин кошумчалады.