Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарындагы мектеп окуучулары үчүн жаңы окуу жылына карата окшош форма даярдалууда. Маалыматты 31-июлда шаардын мэри Мамбет Койчуев билдирди. Айтымында, шаарда кийим тигүүчү цехтер бар. Аларга окуучуларга бирдей форма тигүү үчүн буюртма берилип, учурда тигилүүдө.
"Петров 2" кийим тигүүчү цехине 4 миллион 500 сомдук буюртма берилип, анын 900 миң сомдугу даяр болуп калды. Ал эми "Жез оймо" цехине 3 миллион 500 сомдук буюртма берилсе, учурда 500 миң сомдук форма тигилип, даяр болду",- дейт шаар башчысы. Кара-Көл шаарында 6 орто мектеп болсо, анда 4150 окуучу билим алат.