Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Курманакун Матеновдун айтымында, 2013-жылдын 6 айында мамлекеттик чек араны бузган 81 жана чек ара эрежелерин бузган 30 адам кармалды. Текшерүүлөрдө 11 миллион 398 миң сомдук товар кармалып, 57 килограмм 465 грамм баңгизат жана 4 даана курал-жарак, 3 жардыргыч зат алынган. Ал эми белгилүү себептерден улам Кыргызстандын аймагынан 365 адам чыгарылган.