31-июлга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 14 млрд 807 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. 2012-жылдын ушул күнү бул көрсөткүч 16 миллиард 968 миллион метр кубду түзгөн. Аталган суу сактагычка суунун агып кириши учурда секундуна 660 метр куб болсо, былтыр 31-июлда 522 метр куб болгон. Бүгүнкү күнгө карата суунун агып чыгышы 402 метр кубду түзүүдө, былтыр 399 метр кубду түзгөн.