Жалал-Абад. Кара-Көл шаарында жарым жылда 66 миллион сом салык жыйналды
Жалал-Абад облусундагы Кара-Көл шаарында 6 айда 66 миллион 276 миң 900 сом салык жыйналган. Шаар мэри Мамбет Койчуевдин айтымында, республикалык салыктан 39 миллион 406 миң 700 сом план берилген. Ал ашыгы менен аткарылды. Ошондой эле жергиликтүү бюджеттен 24 миллион 700 миң 300 сом план берилсе, ал 1 миллион 956 миң 600 сомго көп жыйналып, жалпы 26 миллион 656 миң 900 сом топтолгонун айтат Койчуев.