Баткен. Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кызыл-Кыя шаарында добуш берет
КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаковдун Кызыл-Кыя шаарында добуш берери белгилүү болду. Буга анын аталган шаарда катталганы себеп. Ж.Разаков № 8160-шайлоо участкасында добуш берет. Бул тууралуу өкмөттүн өкүлчүлүгүнөн билдиришти.