1-август күнү Кыргызстанда кургак, ысык аба ырайы сактала турганын ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Өрөөндөрдө абанын күндүзгү температурасы +36...+41...°C болушу күтүлөт. Маалыматка ылайык, мындай аба ырайы адамдардын ден соолугуна терс таасир берүүсү мүмкүн. Узакка созулган аба ырайынын мындай жогору температурасы айыл чарба өсүмдүктөрү үчүн коркунучтуу болгондуктан, аларды кеңири сугарууну талап кылат. Ошондой эле 31-июль жана 1-август күндөрү абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу республиканын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.