Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Идрис Кадыркулов бүгүн, 15-майда кызматынан кетти. Ал мындай чечимди кабыл алганын учурдагы паспорт чуусуна байланыштырган. "Паспорт тендери боюнча териштирүү иштеринде менин кызыкчылыгым бар деген талкуулар кызуу жүрүп жатат. Бул кырдаалды эске алуу менен тергөөдө эч кандай кызыкчылыгым жок экендигин көрсөтүү үчүн кызматтан кетүүнү чечтим", - деген ал билдирүүсүндө.
УКМКнын ишмердүүлүгүнө карата бир катар сын-пикирлер айтылып, укук коргоочулар анын төрагасынын ыйгарым укуктарын токтотууну талап кылган.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Идрис Кадыркулов тендер чуусунун айынан УКМКнын башчылыгынан кетти. Жетекчисинин отставкага кетүүсү менен УКМКда адилеттүүлүк орнойт деп күтүүгө болобу?" деген собол салды. Бул суроого УКМКнын мурдагы бөлүм башчысы Максат Мамытканов жооп берип, УКМКдагы мыйзамдуулук төрагасына байланыштуу эмес деген пикирин айтты.
“Идрис Кадыркулов кетип мыйзамдуулук бузулдубу? Бул кызматка кайсы жетекчи келбесин же ал кызматтан кетпесин мыйзам иштей берет. Мыйзам кимдир бирөөгө байланган эмес. Мисалы, буга чейин өлкөнү башкарган Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Алмазбек Атамбаевпрезиденттиктен кетти, мыйзамдар иштеп жатат, иштей берет”, - дейт Мамытканов.
Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев, Алмазбек Баатырбеков, Төрөбай Зулпукаров, экс-депутат Равшан Жээнбеков, УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбековдун пикири төмөнкү шилтемеде.