Укук коргоочу Рита Карасартова УКМКнын төрагасынын ыйгарым укуктарын токтотууну талап кылды

Бүгүн, 16-апрелде укук коргоочу Рита Карасартова Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин алдына талаптары менен чыкты. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталына билдирди.

Рита Карасартова президент Сооронбай Жээнбеков УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркуловдун ыйгарым укуктарын токтотушу керектигин айтты.

"Бир суткадан бери Мамлекеттик каттоо кызматынын жооптуу кызматкерлери УКМКнын СИЗОсунда камалып жатышат. Биз буга чейин президентке Кыргыз мамлекетинин санариптешүүсүн башка мамлекет басып алып жатат деп кайрылганбыз. Ошону менен катар эле кайсы компания мыйзамдарды бузуп, канча деген акчаны биздин моюнубузга илип жатканын жазганбыз.Тилекке каршы, президенттин биз айткан нерсеге реакциясы кеч болуп жатат. Мамлекет башчыга кайрылганда бул тууралуу Башкы прокуратурага, маалымат каражаттарына да кайрылбайбыз деп айтканбыз. Биздин маселе каралбаган үчүн бүгүн ачык жарыялаганга туура келди. УКМКнын төрагасынын ишин шашылыш токтотпосо, бул маселе ачык каралбайт. Анткени 12-апрелде Идрис Кадыркулов Жогорку Кеңештин трибунасынан сүйлөп жатканда "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" мыйзамын бузуп, утулуп калган компаниялардын мамлекеттерин айтып, ошол жакка жан тартып жатканын көрсөтүп койду", - дейт Рита Карасартова.

Кыргыз жарандарынын жаңы муундагы (ePassport) - жалпы жарандык, дипломаттык жана кызматтык жаңы паспорттордун бланктарын сатып алууга тендер өткөрүлүп, аны литвалык "Гарсу Пасаулис" компаниясы утуп алган. Бул бланктарды сатып алуу үчүн тендерде 1 миллиард 2 миллион сом сунушталган. Ага катышкан "Muhlbauer ID Services GmbH" компаниясы 686,7 миллион сом, "Veridos GmbH" 936,3 миллион сом, "Гарсу Пасаулис" 940,1 миллион сом, "IDEMIA France SAS" компаниясы 948,7 миллион сом сунуштаган.

Бирок буга германиялык "Muhlbauer ID Services GmbH" жана франциялык "IDEMIA France SAS" компаниялары нааразы болуп чыгышкан. УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы паспорт даярдоо боюнча тендерге байланыштуу иликтөө жүргүзүп жатат. УКМКнын басма сөз кызматы бул маселе боюнча Мамлекеттик каттоо кызматынын жана "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги кармалганын жарыялады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан